Ар бир бала билим алууга укуктуу. Билим берүү министрлиги эмдөө тууралуу үн катты

Мектептерге бардык балдар кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Ведомстводон белгилешкендей, ар бир бала билим алууга укуктуу.
“Ал эми эмдөө маселеси боюнча дарыгер уруксат берген учурда тиешелүү эмдөөлөрдү ар бир бала өз убагында алат. Кээ бир учурларда жүйөлүү себептер менен дарыгер убактылуу эмдөөлөргө уруксат бербеши мүмкүн. Бирок бардык балдар медициналык кароодон өтүү менен мектептерге кабыл алына берет”, – деп түшүндүрүштү министрликтен.
Балдар мектепке кабыл алынган учурда ата-энелер медициналык маалымкатты, эмдөө картасын тапшырат.
Эскерте кетсек, буга чейин билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева эмдөөдөн өтпөгөн балдар мектепке кабыл алынбай турганын билдирген.