Балыкчы шаарында 3 км темир жолу оңдолду
Балыкчы шаарында 3 км темир жолу оңдолду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы маалымдады.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында темир жолду капиталдык оңдоп-түзөө иштери уланып жатат. Оңдоо иштери аяктагандан кийин жүргүнчүлөр поезд менен түз эле Балыкчынын көл жээгине чейин жете алышат.
Негизги иштер:
– Эски рельстерди Р 65 тибиндеги рельстерге алмаштыруу;
– Жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга алмаштыруу;
– Жалпы 5 км 400 м аралыкты оңдоо пландалган, анын ичинен 3 км 400 м иш аяктап, учурда жумуштар уланууда.
Белгилей кетсек, бул иш-чаранын негизги максаты – жайкы мезгилде Бишкек-Балыкчы жүргүнчү поезддеринин кыймылын коопсуздугун камсыздоо саналат.