МСК: Күйүүчү майды маркалоодон кийин салык кирешелери жарым жылда 34,2 % өстү
Күйүүчү майды милдеттүү маркалоо тутуму ишке киргенден баштап алты айдын ичинде – 2024-жылдын 1-октябрынан 2025-жылдын 31-мартына чейин, мунай-трейдерлерден мамлекеттик бюджетке 14,9 млрд сом салык түшкөн. Бул тууралуу Салык кызматына караштуу “Салык сервис” мамлекеттик мекемеси билдирет.
Бул 2023-2024-жылдардын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 млрд сомго же 34,2 %га көп. Анын ичинде акциз салыгы боюнча түшүүлөр 700 млн сомго көбөйгөн.
Тутум ишке кирген биринчи жарым жылдыкта 853 миң 489,2 тонна күйүүчү майы, анын ичинде 457 миң 184,8 тонна – бензин, 396 миң 304,4 тонна – дизель отуну маркаланган.
Маркалоо жууп-тазалоого жана жасалмалоого туруктуу молекулярдык маркерди колдонуу менен жүргүзүлөт. Бул күйүүчү майлардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Маркалоо тумунунун оператору болуп “Учкун” ААК эсептелет.
Көмүскө рынок менен күрөшүү жана сапатын жогорулатуу
Маркалоо тутуму күйүүчү майлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө, май куюучу жайларда отундун сапатын жакшыртууга, ошондой эле отун майын алып-сатуунун ачык-айкындуулугун жана көлөмүн контролдоого багытталган.
2025-жылдын январынан тартып Кыргызстанда күйүүчү майды маркалоосуз жүгүртүүгө расмий тыюу салынган. Акыркы эле текшерүүлөрдүн жүрүшүндө маркаланбаган күйүүчү май саткан 10 май куюучу жай аныкталды.
Мыйзам бузуу үчүн жоопкерчилик
Салык кызматы эскертет: маркаланбаган күйүүчү майды сатууга, ташууга же сактоого тыюу салынган. Бул жөн эле мыйзам бузуу эмес, кылмыш иши болуп саналат. Эгерде ири көлөмдөгү (200 литрден жогору) маркаланбаган күйүүчү май аныкталса – айып салынышы (3000ден 5000 эсептик көрсөткүчкө чейин) же 3 жылга чейин камакка алынышы мүмкүн. Эгерде көлөмү андан да көп болсо (500 литр жана андан көп) – 7000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып санылышы же 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.