Салык кызматы 6 айда 853 миң тоннадан ашык күйүүчү майды маркалады

Мамлекеттик салык кызматы “Учкун” ААКнын отунду маркалоо оператору менен биргеликте күйүүчү майды милдеттүү түрдө маркалоо системасы киргизилгенден бери 853 489,2 тонна материалдарды маркалады.
Ведомстводон билдиришкендей, алардын 396 304,4 тоннасын дизелдик отун жана 457 184,8 тоннасын бензин түзөт.
2024-жылдын октябрынан 2025-жылдын март айына чейинки мезгилде нефтетрейдерлерден мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктык түшүүлөр 2023-2024-жылдардын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 млрд сомго көбөйдү. Анын ичинде акциз салыгы боюнча түшүүлөр 700 млн сомго өстү.
Маркалоо системасын колдонуу отундун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө, сатылып жаткан күйүүчү-майлоочу материалдардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт, ошондой эле өлкөдөгү мыйзамдуу отундун көлөмүн натыйжалуу башкарууну камсыз кылат.
Май куюучу жайларда күйүүчү май маркеринин бар экендигин текшерүү боюнча иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп жатат. Текшерүүнүн жүрүшүндө маркасы жок КММны саткан 10 май куюучу жай аныкталган.
Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин №361 “Отунду маркалоону киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда атайын отун маркерлерин колдонуу менен импорттолуучу жана өлкөдө өндүрүлгөн бензин менен дизелдик отунду милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген. Токтомго ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында маркасы жок бензин жана дизелдик отунду жүгүртүүгө тыюу салынган. Маркасы жок акциздик товарларды жүгүртүү үчүн КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесине жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесине ылайык жоопкерчиликтер каралган.
Акциздик товарлар менен иш жүргүзгөн бардык салык төлөөчүлөргө административдик же кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу үчүн колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын так сактоону сунуштайбыз.