Баткенде 12 тонна маркасы жок дизелдик отун аныкталды

Баткен облусундагы май куюучу станцияларынын биринде маркасы жок дизелдик отунду сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.
Ведомстводон билдиришкендей, майдын жалпы көлөмү 12 689 литрди, ал эми жалпы суммасы 946 599 сомду түздү.
Аталган факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, учурда материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн аймактык көзөмөл органына өткөрүп берүү үчүн даярдалып жатат.
Салык кызматы маркасы жок отунду сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналаарын эскертет. Милдеттүү маркасы жок КММны сатуу административдик гана эмес, кылмыш жоопкерчилигине да алып келиши мүмкүн.