Эдуард Кубатов Аннапурна чокусуна кычкылтексиз чыгып, кыргыз туусун желбиретти

 Эдуард Кубатов Аннапурна чокусуна кычкылтексиз чыгып, кыргыз туусун желбиретти

Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң татаал делген Аннапурна чокусуна кычкылтексиз чыгып, кыргыз туусун желбиретти.

Кубатов социалдык тармактагы баракчасында билдиргендей, Непал өлкөсүндөгү деңиз деңгээлинен 8091 метр бийиктикте жайгашкан Аннапурна чокусуна кычкылтексиз 7-апрелде ийгиликтүү көтөрүлдү.

“Жеңиш биздики элим! Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров берген ак жолтой туубуз эң коркунучтуу жана эң татаал чокуда Аннапурнада көтөрүлдү. Бул жеңишимди көп улуттуу Кыргызстаныма арнайм, өлкөбүзгө биримдик жана ийгиликтерди каалайм. Ошондой эле кыргыз спортунун 100 жылдыгына да арнайм.

Кечээ түндө биз тобубуз менен чокудан ийгиликтүү түштүк. Муну менен Аннапурнага кычкылтексиз чыгуубузду расмий жарыялап жатабыз “, – деди ал.

Белгилей кетсек, Эдуард Кубатов алгач Непал өлкөсүндөгү деңиз деңгээлинен 8091 метр бийиктикте жайгашкан Аннапурна I чокусуна чыгууну, андан соң дүйнө жүзүндө бийиктиги боюнча Эвересттен кийинки экинчи орунда турган Каракорум тоо кыркасындагы К2 чокусуна чыгарын пландап жатканын айткан.

“Аннапурнадан кийин июнь айында К2 чокусуна чыгууга даярдык көрөм деп пландап жатам. 8091 жана 8611 метр бийикте жайгашкан бул эки чоку кооптуулугу жана адамдын өлүмү менен коштолгондугу жагынан, ошондой эле чыгууга оор жана татаал деп эсептелген чокулардын бири катары белгилүү”, – деген Эдуард Кубатов.

Эске салсак, кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов былтыр Гиннестин рекорддор китебине кирген. Анда ал Манаслу чокусуна кычкылтексиз чыккан эң кары адам болуп калды. Альпинист бул чокуга 2022-жылдын 1-октябрында 50 жаш курагында чыккан.

Ошондой эле ал кычкылтекти колдонбостон чокуларды багындырган тажрыйбалуу альпинисттердин бири. Кыргыз экспедициясы Гималай тоосундагы 8163 метр бийиктиктеги Манаслу чокусун үч жыл мурда багындырган. Алардын ичинен бул чокуга үч альпинист, анын ичинде Кубатов да кычкылтектин жардамысыз чыккан болчу.

Связанный пост