Бишкекте электробустар үчүн кубаттоочу жабдуулар орнотулган жайлар даярдалууда
Бишкекте эки ДЕПОдо электробустарды кабыл алуу үчүн инфраструктураны даярдоо иштери жүрүп жатат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, азыркы учурда Бишкек троллейбус башкармалыгынын аймагы жаңы электробустарды жайгаштыруу үчүн кайра даярдалып, ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 аймагы автобустар үчүн токтотуучу жайга ылайыкташтырылып, заманбап электр кубаттоочу жабдуулар орнотулууда.
Буга чейин айдоочуларды үйрөтүү жана даярдоо максатында шаарга эки электробус келген.
Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоорго ылайык, Бишкекке 120 даана электробустун келүүсү күтүлүүдө.