Жер титирөөгө байланыштуу айгай жарыяланып, ыкчам жыйын өттү
28-март күнү Казакстандын аймагында катталган жер титирөөгө байланыштуу айгай жарыяланып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда жыйын өттү.
Жыйында соңку абал боюнча маалымат угулуп, ӨК министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов күжүрмөн даярдык абалда туруу тапшырмасын койду.
Маалым болгондой бүгүн саат 04:42де, Казакстандын аймагында катталган жер титирөөнүн күчү MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 42° 39 с.ш.λ = 73° 00´в.д.) күчү 5,5 магнитудасына жеткен. (энергетикалык класс К=12,0).
Жер титирөө Кыргызстандын Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга (Көпүрө-Базар айылынан 20 чакырым түндүктө, Бишкек шаарынан 133 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.
Учурда катталган жер титирөөдөн кийинки тактоо иштери жүрүүдө. ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору коңшу Казакстан мамлекетинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору менен түз байланышта маалымат алмашууда.