Садыр Жапаров Кыргызстан менен Катар курама командаларынын футбол беттешине барды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргыз Республикасынын жана Катар Мамлекетинин улуттук курама командаларынын ортосундагы футбол беттешин көргөнү барды.
Бул матч 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо этабынын үчүнчү айлампасынын алкагында өттү.
Беттеш 3:1 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.