Баткендин Көк-Таш участогундагы жерлер эки өлкөгө тенме-тең алмашылгандыгы маалымдалды

Баткендин Көк-Таш участогунан жалпы аянты 141,9 га жер тажик тарапка калтырылып жазылып, анын ордуна Тажикстандын 142,7 га жери Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди кароо учурунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымдады.
Анын айтымында, бир да метр жер жөн берилген жок жана ар бир өткөн жердин ордуна коңшу тараптан жер алынган.
“Көк-Таш участогундагы 17 турак үй жайгашкан 8,3 га Мазайэтин жери тажик тарапка берилди. Себеби, бул жер анклав болуп калып калып, Кыргызстанга барып келүү өтө кыйын болгон. Андан кийин 17,5 миң га жерди ээлеген Көк-Терек айылы накта коңшу тарапта калып калган. Комиссия барып ал жердеги 17 үйдө дээрлик эч ким жашабагандыгы аныкталган. Бул жердин да бизге эч кандай пайдасы жок болгондуктан коңшу тарапка бердик. Кийинки Таш-Тумшук айылынын аянты 20 га жер дегенибиз менен иш жүзүндө сатылып, берилип, таштап чыгып кетип отуруп кыргыздар дээрлик 5 га жерде эле жашап калган. Коңшулары тажик тарап менен дайыма кагылышуулар болуп келгендиктен тургундар жерлерин сатып, таштап чыгып кетишкен. Бирок, биз ушул жердеги 20 га жерди кайрадан калыбына келтирдик. Эл таштап чыгып кетсе да бары бир кыргыздын жери, кайра ордуна жер бересиңер деп талап кылдык. Бирок, ошол жердин 5 га эле калыптыр, калган жерди тажиктер ээлеп алып жашап келишкен. Мурдагы губернатор, жетекчилердин маалында эл каралбагандыктан ушундай жагдай келип чыккан. Ал эми чындыгында ал жерде 20 га жер биздики эле. Ошол 20 га жерди берилди.
Андан тышкары, Тумба участогундагы 5 га үлүш жери башка жерден ордуна жер алуу максатында тажик тарапка берилди. Бул жер жолдун боюнда жайгашкандыктан кооптуу болуп келген.
Ошентип, жалпы аянты 141,9 га жер тажик тарапка калтырылып жазылды. Алар Мазеиттин жери 8,3 га, Көк-Терек айылы 17,5 га, Таш-Тумшук айылы 20,1 га жана Тумба участогундагы 5 га жер жана ошондой эле Достук айылы 91 га жер”,- деди УКМК төрагасы.
Ал эми анын ордуна Исфара районун Саманен айылы толук бойдон 18,4 га жер, Дахма айылынын бир бөлүгү 3,1 га жер, Ходжа Аъло айылынын бир бөлүгү 21,5 га жер, Миң-Булак участогунан 42 га өрүк багы, Лаккон участогунан 55 га суулу жер жана дагы башка участоктон 2,7 га жер Кыргызстанга өткөндүгүн Камчыбек Ташиев билдирди.