Быйыл Чүй облусуна 119 миң 500 акылдуу эсептегич орнотулат

 Быйыл Чүй облусуна 119 миң 500 акылдуу эсептегич орнотулат

Быйыл Чүй облусуна 119 500 даана акылдуу эсептегич орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Учурда Чүй электр тармактар ишканасы кардарларды тейлөө иштерин санариптештирүү багытында акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштерин баштады.

Учурда Чүй облусунун Сокулук, Москва, Ысык-Ата, Чүй жана Аламүдүн райондоруна 12 миң 500 даана акылдуу эсептегич орнотулуп бүттү. Жыл аягына чейин калган 107 миң даана эсептегич орнотулат.

Бул иштер кардарларга үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү жана сапатын жогорулатуу максатында аткарылууда.

Акылдуу эсептегичтин артыкчылыктары:

– көрсөтмөлөрдү аралыктан серверге берет;
– электр энергиясын колдонууда берилген кубаттуулуктан жогору колдонгондо автоматтык түрдө өчүп калат;
– төлөм өз убагында жүргүзүлбөсө аралыктан өчүрөт;
– төлөм жүргүзүлгөндөн кийин автоматтык түрдө кайра кошот;
– электр энергиясын колдонууну анализдей алат;
– жоготууларга бөгөт коюп, коррупциялык элементтерге каршы турат.

Связанный пост