Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Өзгөндөгү инфраструктуралык жайлардын оңдоп-түзөө иштеринен кабар алды

Бүгүн, 17-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Өзгөн шаарынын борбордук стадионунун оңдоп-түзөө иштеринен кабар алды.

Алсак, тарыхый калаадагы спорттук жайды реконструкциялоо үчүн 122 млн сом бөлүнгөн. Стадиондун жаңы долбоору ФИФАнын тиешелүү талаптарына толук жооп берип, көрүүчүлөр бөлүгү 2600 орунга ылайыкташкан. Муну менен катар стадиондун жанындагы Орто-Коргон паркы да жаңыланууда. Бүгүнкү күндө пландалган иштердин 60%ы бүткөрүлдү.

Андан тышкары, Орто-Коргон паркы менен Н.Азнабакиев атындагы «Тынчтык» маданий эс алуу багын байланыштырган көпүрө да курулууда. Ага 96 млн сомдон ашуун каражат каралган. Аталган жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү бүткөрүлсө Өзгөн шаарынын үстүнөн кароого ылайыкталган аянтчага айланат.

Реконструкциялоо жана куруу иштерин көрүп чыккан Төрага: «Элибизде «Дени сак улут, дени сак өлкө» – деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, калкыбыздын саламаттыгын чыңдоо, айрыкча жарандар арасында сергек жашоо образын жайылтуу максатында мамлекет тарабынан спорт тармагына өзгөчө көңүл бурулууда. Борбордо эле эмес, өлкөнүн бардык аймактарындагы спорттук жайлар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ар бир айылды спорттук зал жана аянтчалар менен камсыздоо аракети уланууда. Өзгөн шаарынын борбордук стадионундагы реконструкциялоо жумуштары жүргүзүп жаткан иштердин бир мисалы», – деди.

Ошондой эле парк жана көпүрө тарыхый калаанын тургундары үчүн эле эмес, келген меймандары үчүн да маанилүү экенин айткан Төрага оңдоп-түзөө жана курулуш иштеринде сапатка өзгөчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

Андан соң Нурланбек Тургунбек уулу Өзгөндүн Баш-Дөбө айыл аймагындагы муниципалдык мейманкананын да жаңылоо иштерин жеринде көрдү.

Муниципалдык менчиктеги мейманкананы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 36 млн сомдон ашуун каражат каралган. Учурда курулуш иштери кызуу жүргүзүлүүдө.

Туризм тармагы мамлекетти өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеген Төрага: «Өлкөбүздүн табияты төрт мезгилде тең туризмден пайда табууга ылайыкташкан. Бирок жаратылышка эле басым жасабастан, туристтерге ыңгайлуу инфраструктуралык шарттарды түзүүгө да көңүл бурушубуз керек. Ири шаарларда гана эмес, айылдарда туристтерди тосууга ылайыкташкан мейманканаларды ачып, ийгиликтүү иштете алсак, Ысык-Көлүбүзгө эле эмес, өлкөбүздүн бардык жерине конокторду тарта алабыз. Бул муниципалдык мейманкананын жаңыланып жатышы жакшы саамалык», – деди.

Муну менен катар Өзгөн шаары өзүнүн тарыхый жайлары менен өзгөчө экенин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу жергиликтүү жетекчилерди туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү ишин жигердүү жүргүзүүгө чакырды.

Связанный пост