Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Өзгөн районуна иш сапары менен барды

Бүгүн, 17-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ош облусунун Өзгөн районуна иш сапары менен барды.

Алгач Төрага Кашка-Терек айылында болуп, К.Кулматов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Алсак, 225 окуучуга ылайыкташкан билим берүү жайынын курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Нурланбек Тургунбек уулу ачылып жаткан мектептин пайдубалына өзү капсула коюп кеткенин эске салып: «Жакшы ой, изги тилектер менен түптөгөн мектебибиз бүгүн ишке берилгени турат. Андыктан, жаңы мектеп балдардын жаркын келечеги үчүн кызмат кылып, өлкөбүздү өнүктүрө турган уул-кыздарыбыз өсүп чыксын. Себеби касиеттүү Өзгөн жергеси өзүнүн тарыхый инсандары, мыкты уул-кыздары менен белгилүү. Алардын жолун улаган азаматтар мындан ары да арбын чыгарына терең ишенем», – деди.

Муну менен катар билимдүү коом болмоюн, бакубат өлкөнү куруу мүмкүн эмес экендигин айткан Төрага: «Эгер биз күчтүү, өнүккөн өлкөнү куралы десек агартуу тармагын алдыга жылдырышыбыз керек. Билим менен гана биз кыялданган келечекке жетебиз» – деп, жергиликтүү элди, агартуучуларды жана окуучуларды билимди тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле Төрага акыркы жылдары агартуу тармагына, айрыкча мектептердин, бала бакчалардын курулуштарына басым жасалып, депутаттар да аталган багытта жигердүү иш жүргүзүп жатканын кошумчалады. Буга мисал катары депутат Улугбек Ормонов жаңы ачылып жаткан мектептин курулушуна өзгөчө салым кошконун баса белгиледи.

«Мурда жаңы мектеп эмес, эски мектептин жанына кошумча имарат куруу өлкөбүз үчүн оор болуп келген. Эми туура жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын негизинде, казынабыз эселеп көбөйүп, анын натыйжасында катары менен жаңы социалдык имараттарды куруп жатабыз. Мындан тышкары, айлык маяналар жогорулап, пенсиялардын да көлөмү өсүүдө. Бул албетте чек эмес. Мамлекет тарабынан калкка көрүлгөн камкордук учур талабына ылайык улана берет», – деген Төрага өлкөдө жасалып жаткан реформалар тууралуу учкай кеп кылды.

Андан соң Нурланбек Тургунбек уулу жаңы мектеп менен таанышып чыгып, белек катары заманбап окуу жабдууларын тапшырды. Ошондой эле 11-класста өтүлүп жаткан сабакка катышып, окуучулар менен да баарлашты.

Эскерте кетсек, Төраганы депутаттар Улугбек Ормонов, Эльмурза Сатыбалдиев, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу, билим берүү жана илим министринин орун басары  Бекжан Супаналиев, финансы министринин орун басары Алтынбек Кудайбердиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев баштаган жетекчилер коштоп жүрөт.

Связанный пост