Оштогу жер титирөөдө 25 үй, 12 мектеп жабыркаган

 Оштогу жер титирөөдө 25 үй, 12 мектеп жабыркаган

Оштогу жер титирөөдөн жабыркаган имараттар аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ош облусунун аймагында катталган жер титирөөнүн кесепетинен дубан боюнча жалпы:

– 25 турак үй;

– 12 мектеп;

– 1 бала бакча;

– 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу жабыркаган.

Алай району боюнча:

– 13 турак үй;

– анын ичинен 1 турак үй кооптуу.

Ал эми, Жаңы-Алай айылында турак үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болгон.

Жерине райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, турак үйлөрдөгү эски жаракалар жер титирөөдөн чоңойгондугун аныкташып, акт түзүлгөн. 7 турак үй камсыздандыруудан өткөн, 6 турак үй камсыздандыруудан өткөн эмес.

Ал эми Кара-Суу району боюнча:

– 12 мектеп;

– 12 турак үй;

– 1 бала бакча;

– 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу.

Жоош айыл аймагынан:

– 7 мектеп;

– 1 бала бакча;

– 1 турак үйдүн,

Ала-Тоо айыл аймагынан 1 мектептин,

Датка айыл аймагынан 3 мектептин,

Мады айыл аймагынан 7 турак үй, 1 үй бүлөлүк дарылоо тобу,

Савай айыл аймагынан 1 мектеп, 3 турак үйдүн,

Баш-Булак айыл аймагынан 1 турак үйдүн дубалында жаракалар пайда болгон.

“Жерине райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, турак үйлөрдөгү эски жаракалар жер титирөөдөн чоңойгондугун аныкташып, акт түзүлгөн. 4 турак үй камсыздандыруудан өткөн, калган үйлөр камсыздандыруудан өткөн эмес”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост