“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 6-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык бардык ченемдик укуктук актылардын долбоорлору министрлер кабинетинин Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылууга тийиш.
Мыйзамда коомдук талкуулоонун мөөнөтү 15 календардык күнгө чейин кыскартылды, ал эми коомдук талкуулоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кошумча иш-чаралар уюштурулган учурда коомдук талкуулоонун мөөнөтү 10 календардык күнгө чейин кыскартылышы мүмкүн.
Мындан тышкары, мыйзамга ылайык коомдук талкуулоо төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна талап кылынбайт:
– Конституциялык соттун чечиминен келип чыгуучу;
– редакциялык-техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган;
– коргонууну жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик сырларды сактоо, аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салуучу;
– убактылуу мүнөзгө ээ, колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана аны колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган;
– КР президенти жана КР министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган, аларды кезексиз тартипте кароо үчүн КР президентинин жана КР министрлер кабинетинин төрагасынын демилгеси боюнча КР Жогорку Кеңешине киргизилүүчү;
– ал жеткис жагдайлардын шарттарында жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жөнгө салууга багытталган.
Ошондой эле, мыйзамга ылайык жөнгө салуучу таасирди талдоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт:
– ал жеткис жагдайлардын шарттарында ишкердик иш-аракетти жөнгө салууда;
– колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана аны колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган убактылуу ченемдик укуктук актыларды даярдоодо.
Ушуну менен бирге, мыйзамга ылайык жаңы коомдук мамилелердин иштешин апробациялоо максатында КР президенти бир жылга чейинки мөөнөткө коомдук мамилелерди убактылуу жөнгө салууну киргизүүгө укуктуу.