2025-жылдын январь-февралында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

 2025-жылдын январь-февралында ички дүӊ продукттун өсүүсү камсыздалды

Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2025-жылдын январь-февралында өткөн жылдын январь-февралына салыштырмалуу 10,7% жогорулоо менен 205,5 млрд. сомду түздү.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-февралына салыштырмалуу 11,8%, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 10,1% , ал эми продукттарга болгон таза салыктар 10,9% жогорулады.

ИДПнын түзүмүндө эң көп үлүш (51,9%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, мурунку жылдын январь-февралына салыштырмалуу 1,8 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ошол эле учурда товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 2,4 пайыздык пунктка жогорулап 29,2 пайызды түздү. Мында өнөр жайдын үлүшү мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9 пайыздык пунктка жогорулаган, ошол эле учурда айыл чарбасынын үлүшү тескерисинче 0,4 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн, ал эми курулуш 0,1 пайыздык пунктка кыскарган.

2025-жылдын январь-февралындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

  Млн. сом ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери Жыйынтыкка карата пайыз менен
2024 2025
ИДП 205 514,2 110,7 100,0 100,0
Товар өндүрүү тармактары 60 063,0 111,8 26,8 29,2
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана

балык уулоочулук

8 555,9 102,1 4,6 4,2
Өнөр жай 45 564,9 114,6 19,2 22,1
Пайдалуу кендерди казуу 4 292,7 96,9 2,6 2,1
Иштетүү өндүрүшү

(Иштетүү өнөр жайы)

32 120,2 116,7 13,1 15,6
Электр энергия, газ, буу жана

кондицияланган аба менен камсыздоо

(жабдуу)

8 629,8 119,6 3,2 4,2
Суу менен жабдуу, тазалоо,

калдыктарды иштетүү жана кайра

пайдалануучу чийки затты алуу

522,2 122,2 0,3 0,2
Курулуш 5 942,2 108,8 3,0 2,9
Кызмат көрсөтүү тармактары 106 552,1 110,1 53,7 51,9
Дүң жана чекене соода; автоунааларды

жана мотоциклдерди оңдоо

29 118,7 123,3 13,2 14,2
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү

сактоо

8 248,3 108,1 4,2 4,0
Мейманканалар менен ресторандардын

ишмердиги

4 294,5 136,7 1,6 2,1
Маалымат жана байланыш 6 009,4 105,2 3,3 2,9
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү 58 881,2 104,0 31,4 28,7
Продукттарга таза (субсидияларды

 эсептебегенде) салыктар

38 899,1 110,9 19,5 18,9

Эскертүү: Маалыматтар, 2008 жылдагы Улуттук Эсептер Тутумунун эл аралык стандарттарына ылайык эсептелген. ИДПга алдын-ала баа берүүлөрдү эсептөө экономиканын өнүгүү тенденциясын мүнөздөйт, ал ыкчамдыкты камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт жана негизги тармактар: айыл чарба, өнөр жай, курулуш, соода, мейманканалар жана ресторандар, транспорт жана байланыш боюнча өндүрүш индекстеринин өзгөрүшүнө негизделет. ИДПнын түзүмүндө көрсөтүлгөн тармактардын үлүшү болжол менен 55% ды түзөт.

Связанный пост