Аламүдүн дарыясынын нугу тазаланып, Ала-Арча дарыясын тазалоо иштери башталды

Аламүдүн дарыясынын нугун тазалоо иштери аяктап, Ала-Арча дарыясын тазалоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштери менен таанышып, тазалоо иштерин 20-мартка чейин бүтүрүү милдетин койду.
Учурда аталган дарыянын 1400 метри тазаланды. Тазалоо иштерине жаңы атайын техника, анын ичинде 5 экскаватор жана 9 HOWO самосвалы тартылган.
Белгилей кетсек, тазалоо иш-чараларын «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы жана башка шаардык кызматтар ӨКМ менен биргеликте жүргүзүүдө.