Бишкекте жаңы окуу жылында дээрлик 50 миң бала мектеп босогосун аттайт

 Бишкекте жаңы окуу жылында дээрлик 50 миң бала мектеп босогосун аттайт

Бишкекте 2025-2026-жаңы окуу жылында дээрлик 50 миң бала мектеп босогосун аттайт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева билдирди.

Анын айтымында, борбор калаадагы 120 мектепке жыл сайын 25 миңге жакын бала 1-класска барат. Бирок 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу быйыл 1-класска дагы кошумча 23 миң окуучу келет.

“Бул окуучулардын баары мектепке батпай жатканына байланыштуу биз Билим берүү жана илим министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ал балдарды бала бакчаларда окутууну чечтик. Бала санитардык-гигиеналык нормага ылайык 3 сааттан ашык окубайт. Анын ортосунда эс алуулар болот. Балдарга билим берүү көбүнчө оюн аркылуу жүргүзүлөт. Баланын сабагы бүткөндө ата-эне кааласа баласын бала бакчада кечке чейин калтырса болот”,-деди ал.

Связанный пост