Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкаруунун ири реформасын баштоо жөнүндө жарыялады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюуга, чечимдерди кабыл алуу процесстерин тездетүүгө жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган реформалардын жаңы этабы жарыяланды.
Президенттин Жарлыгынын негизги чечими болуп 2025-жылдын 1-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Аяз Баетовду Стратегиялык демилгелер боюнча улуттук институттун (СДУИ) директору болуп дайындоо менен бир эле убакта Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын статусун ыйгаруу саналат. Бул чечим СДУИге мамлекеттик башкаруунун реформаларын координациялоо боюнча кеңири ыйгарым укуктарды берет жана бардык мамлекеттик институттардын деңгээлиндеөзгөртүүлөрдү тез арада ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Жыйындын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев бул кадамдын маанилүүлүгүн белгиледи.
«Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча мамлекеттик башкарууну реформалоонун жаңы, фундаменталдык этабын баштайбыз. Бул жөн эле кезектеги демилге эмес – бул өлкөбүздөгү бардык өнүгүү процесстерин тездетүүгө багытталган чечкиндүү, ал тургай, радикалдуу кадам. Дүйнө тездик менен өзгөрүүдө, мамлекеттер глобалдык атаандаштыктын жаңы этабына киришти. Кыргызстан бул чакырыктарга жооп бериши керек жана биздин негизги милдетибиз – экономиканы, мамлекеттик башкарууну жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү берүү үчүн Президенттин реформаларын ишке ашырууга тоскоолдук кылгандардын бардыгын жоюу», – деди МинКаб Төрагасы.
Ал кошумчалагандай, «Президент ар дайым биздин алдыбызга мамлекеттик башкарууда максималдуу эффективдүүлүктү камсыз кылуу милдетин коюп келген жана бүгүн биз бул иштин жаңы этабын жарыялап жатабыз». «Биз узакка созулган талкууларга убакыт коротпойбуз –биз кечиктирбестен конкреттүү чечимдерди талкуулап, ишке ашырууга киришишибиз керек. Эртең Кыргызстан-2030 стратегиясын талкуулоонун алкагында биз бул реформаларды өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программасына киргизебиз.
Президент бул процессти тезинен баштоону чечти, ал реформаны ойлонуп гана тимболбостон, кыска мөөнөттө конкреттүү чечимдерди сунуштай турган команданы дайындады. Бир айдын ичинде биз алгачкы кадамдарды көрүп, алты айдын ичиндебиз олуттуу натыйжаларга жетишибиз керек. Бул жөн эле кагаз жүзүндөгү
өзгөртүүлөр эмес – бул президент кабыл алган чечимдердин масштабына жана динамикасына ылайык келген мамлекеттик башкаруунун ийкемдүүлүгүн, ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун камсыз кыла турган реалдуу реформалар», – деп баса белгиледи МинКаб башчысы.
Реформанын негизги багыттары катары төмөнкүлөр белгиленди:
– мамлекеттик органдардын аудити – бири-бирин кайталаган жана натыйжасыз түзүмдөрдү аныктоо жана жоюу.
– ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу – ашыкча жөнгө салууну жоюу.
– процесстерди санариптештирүү – мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу жана бюрократиялык процедураларды кыскартуу.
– мамлекеттик функцияларды аутсорсинги – айрым кызматтарды жеке секторго өткөрүп берүү.
– мамлекеттик аппараттын натыйжалуулугун жогорулатуу –чыгымдарды азайтуу жана башкаруу чечимдерин кабыл алууну тездетүү.
Белгилей кетсек, бул реформаларды ишке ашыруу Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жеке көзөмөлүндө болот.