Салыктык эмес кирешелер мамлекеттик бюджеттин 17,3% түзүп, белгиленген пландан ашыкча аткарылды

 Салыктык эмес кирешелер мамлекеттик бюджеттин 17,3% түзүп, белгиленген пландан ашыкча аткарылды

2024-жылы мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелер 100 766,1 млн сомду түздү. Бул жалпы кирешелердин 17,3%ын түзүп, белгиленген пландан ашыкча аткарылды.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык,  2024-жылы салыктык эмес кирешелер боюнча белгиленген план 47 665,3 млн сомду түзсө, жеткирилген план 92 888,7 млн сомго жетти. Жыл ичинде жалпы чогултулган сумма 100 766,1 млн сом болуп, план 108,5%га аткарылды. Натыйжада, 12 айдын ичинде пландагыдан 19,5 млрд сомго көп каражат жыйналып, кошумча киреше булактарын аныктоо аркылуу көбөйтүлдү. Салыштыруу үчүн, 2023-жылдын 12 айында салыктык эмес кирешелер 81 258,1 млн сомду түзгөн. 2024-жылы бул көрсөткүч 124 % өсүү темпи менен жогорулады. 2024-жылы салыктык эмес кирешелердин түшүүлөрүн талдоо 2023-жылга салыштырмалуу түшүүлөрдүн төмөнкү түрлөрүнүн көбөйгөнүн көрсөттү: Салыктык эмес кирешелердин негизги булактары боюнча түшүүлөрдүн өсүшү байкалды.

2024-жылы салыктык эмес кирешелердин бир нече негизги булактары боюнча пландан ашыкча каражат жыйналды.

1.Финансы-кредит фондунун (ФКФ) пайыздык түшүүлөрү

2024-жылы ФКФ тарабынан берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздык түшүүлөр 4 968,7 млн сомду түздү. Бул бекитилген бюджеттик пландан 3 421,8 млн сомго көп болду. Өсүш “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсынын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн каралган каражаттардын кайтарылышы менен камсыздалды.

2. Акциялар боюнча мамлекеттик дивиденддер

2024-жылы акциялардын мамлекеттик пакетинен алынган дивиденддер 21 465,6 млн сомду түзүп, бекитилген пландан 13 765,6 млн сомго көп болду. Бул өсүш “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын – 11 385,9 млн сом, “Айыл Банк” ААКнын – 5 420,9 млн сом, “Элдик Банк” ААКнын – 2 472,6 млн сом өлчөмүндөгү дивиденддерди республикалык бюджетке которгону менен байланыштуу.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасы

2023-жыл үчүн Улуттук банктын пайдасы 12 436,1 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3 267,9 млн сомго көп жыйналды. Өсүү темпи 135,6% болду.

4. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасы

2024-жылы мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан 413,9 млн сом киреше түшүп, өткөн жылга салыштырмалуу 212,7 млн сомго көп жыйналды. Өсүү ыргагы 205,7% болуп, негизги түшүүлөр “Манас” май куюу комплексинен камсыздалды.

5. Караңгылатылган айнекке уруксат берүү жана автоунааларды каттоо боюнча жыйымдар

2024-жылдын жыйынтыгында бул багыттагы жыйымдар 650,1 млн сомго жетип, белгиленген план 138,3%га аткарылды. Планга салыштырмалуу 180,2 млн сом, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 225,8 млн сомго көп каражат жыйналды. Ошондой эле автоунааларды каттоо жана кайра каттоо боюнча жыйымдар 3 159,5 млн сомду түзүп, пландан 257,7 млн сомго ашыкча жыйналды.

6. Айып пулдар жана финансылык санкциялар

2024-жылы финансылык санкциялар жана айып пулдар боюнча кирешелер 3 805,1 млн сомду түзүп, бекитилген пландан 263,1 млн сомго ашыкча жыйналды. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү 103,9%ды түздү.

7. Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кирешелер

Бул тармак боюнча республикалык бюджетке түшкөн каражаттар 2 338 млн сом болуп, пландан 474,6 млн сомго көп жыйналды. Өткөн жылга салыштырмалуу 330,9 млн сомго көбөйүп, өсүү ыргагы 116,5% болду.

Жогорудагы көрсөткүчтөр салыктык эмес кирешелердин туруктуу өсүп жатканын жана кошумча киреше булактарын натыйжалуу аныктоо аркылуу мамлекеттик бюджетке олуттуу салым кошулганын көрсөтүүдө.

Связанный пост