Быйыл айдап-себүү жер аянты 3,3 миң га жерге көп пландалды

2025-жылы өлкөдөгү жалпы жердин себүү аянты 1 млн 250 миң га жерди түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3,3 миң га жерге көп пландалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин бүгүнкү жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, бул айыл чарба жеринин 676 миң 900 га жерине дан эгиндер, 394 миң 400 га жерине тоют өсүмдүктөрү жана 178 миң 700 га жер аянтына башка өсүмдүктөр себилет.
“2025-жылга карата себүү аянттарынын түзүмүнө токтолсок, дан эгиндери жана тоют өсүмдүктөрүнөн тышкары жашылча, бакча, картошка, май жана техникалык өсүмдүктөр эгилет. Мисалы, чанактуулар 53,8 миң га, кант кызылчасы 15 миң га, картошка 66,4 миң га, жашылча 54,9 га, бахча өсүмдүктөрү 12,7 га, май өсүмдүктөрү 17 га, пахта 12,4 га, тамеки 0,4 га жер аянтын түзөт. Андан башка аз өлчөмдө себиле турган өсүмдүктөр 12,9 га жерди түзмөкчү. Дыйкан-фермерлерге өсүмдүктөрдүн жана мөмө-жемиштердин түшүмдүүлүгү жогору болгон сортторун өстүрүүнү сунуштап жатабыз”, – деди Төрөбаев.
Ошондой эле министр жазгы талаа иштерине даярдык көрүү үчүн министрлер кабинетинин тескемеси кабыл алынгандыгын жана тиешелүү маселелерди ыкчам чечүү боюнча республикалык, облустук жана райондук штабдар иштеп жаткандыгын маалымдады.
“2025-жылдын түшүмү үчүн 2024-жылдын күз айларындагы күздүк айдап себүү иштерине токтолсок, жалпысынан 252 миң 600 га жер айдалса, анын ичинен 157 миң 900 га жерге күздүк кылкандуу дан эгиндери себилип, калган 95 миң га жерге тоңдурма айдоо иштери жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, пайдаланылбай калган айыл чарба жерлери 2023-жылы 43 миң га, ал эми 2024-жылы 39 миң га жерди түзгөн. Алдын ала эсептөөлөрдүн негизинде быйыл пайдаланылбай калган айдоо жерлердин аянты 3,3 миң га кыскарып, 35,7 миң га жерге чейин азаят. Жерлердин иштетилбей калышынын себептери, таштак, сугат суу жетпеген, калктуу конуштарга берилген жерлер”, – деди ал.
Ал эми министрликтин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө үрөөн менен камсыздоо 91 пайызды түздү. 2025-жылга 64, 6 миң тонна дан өсүмдүктөрүнүн үрөөнү керектелсе, учурда анын 58,5 миң тонна үрөөн топтолуп даярдалган. Жетпеген үрөөндөр дотация аркылуу жана үрөөн чарбаларда эркин сатууга коюлган үрөөндөр менен камсыздалаары кошумчаланды.