Кыргызстан өнөр жайдын өсүү темпи боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүндө лидер болду

Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи боюнча ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен алдыга чыкты. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын баяндамасында айтылат.
Маалыматта айтылгандай, Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 2023-жылга салыштырмалуу 5,5% өстү.
Мисалы, Беларусь Республикасынада бул көрсөткүч 5,4%, Арменияда – 4,7%, Россияда – 4,6%, ал эми Казакстанда – 2,7% гана өскөн.
Мында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн түзүмүндөгү эң чоң өсүш суу менен камсыздоодо (таштандыларды чогултууну көзөмөлдөөнү кошкондо) – 17,7%га жана электр энергиясы менен камсыздоодо – 15,8%га (ошондой эле газ менен камсыздоо жана кондициялоо) болгон. Кайра иштетүү өнөр жайы 4,4%, тоо-кен өнөр жайы 4% өскөн.