Мас абалында унаа башкарган 17 928 айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды

 Мас абалында унаа башкарган 17 928 айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды

Мас абалында унаа башкарган 17 928 айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды.  Бул боюнча ИИМдин ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында 2023-жылдын 8-мартынан тартып, спирт ичимдигин ичип алып унаа башкарган айдоочуларга берилүүчү жаза 17 500 сом айып пул салуудан бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу  беренеси менен алмашылып, анын алкагында бүгүнкү күнгө чейин өлкө боюнча 17 928 мас абалында унаа башкарган айдоочу  унаа башкаруу укугунан ажыратылган.

Азыркы учурда бул боюнча да тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, мас абалында унаа башкаргандарга жазанын түрү эки жылга ал эми жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин кайталап жасаса төрт жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу сунушталууда.

Связанный пост