Өзбекстанга күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди контрабандалык жол менен ташуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды
Узак мөөнөттүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө КР Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Кара-Суу районунун прокуратурасы жана Кара-Суу районунун Ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы менен биргеликте, Өзбекстан Республикасына күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди контрабандалык жол менен ташып барууну уюштурган кылмыштуу топ жоюлду.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренесинин 2-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында укук коргоо органдары тарабынан дары-дармектерди мыйзамсыз жүгүртүүгө катышы бар жети адамды кармашты:
• Н.Т.П., 1987-ж.т., Ош шаарынын тургуну;
• А.Ж.Т., 1985-ж.т., дарыкананын сатуучусу, Кара-Суу шаары;
• А.Ж.Т., 1980-ж.т., Кара-Суу районунун тургуну;
• Д.К.М., 1970-ж.т., базарда дарыкананын сатуучусу, Кара-Суу шаары;
• А. кызы Э., 1991-ж.т., Октябрь айылынын тургуну, Кара-Суу району;
• М.Л.Э., 1992-ж.т., Кара-Суу шаарынын тургуну;
• Т.Д.К., 1991-ж.т., Кара-Суу шаарынын тургуну.
Атайын операциянын жүрүшүндө кармалгандардан КРСаламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы №1153 буйругуна ылайык рецепт менен гана сатылууга уруксат берилген күчтүү таасир этүүчү дары-дармектердин чоң партиялары алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган дары-дармектердин жалпы баасы 5,5 миллион сомдон ашат.
Азыркы тапта соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын аныктоо жана контрабандалык дары-дармектерди ташып келүү каналдарын табуу боюнча ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Кармалган Н.Т.П., 1987-ж.т., А.Ж.Т., 1985-ж.т., А.Ж.Т., 1980-ж.т., А. кызы Э., 1991-ж.т., Т.Д.К., 1991-ж.т. Кара-Суу районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.