Башкы прокуратура аскер бөлүгүнүн мүлктөн ыйгарып алгандарга иш козгоду

 Башкы прокуратура аскер бөлүгүнүн мүлктөн ыйгарып алгандарга иш козгоду

Башкы прокуратура аскер бөлүгүнүн мүлктөн ыйгарып алгандарга кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Аскер прокуратурасынын Бишкек гарнизону УКМКнын аскердик контрчалгындоо башкы башкармалыгы менен биргеликте Коргоо министрлигинин аскердик бөлүктөрүнүн биринде мүлктүн сакталышына карата текшерүүжүргүзгөн. Анын жыйынтыгында кызмат адамдары тарабынан өздүк курамдын кийим-кечесин камсыз кылууга багытталган баасы 1 млн 297 миң 122 сомдук камуфляж кездемелерин ыйгарып алуу фактысы аныкталган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыш иштин тергөөсү Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан жүзөгө ашырылууда.

Связанный пост