Кореялык компания Кыргызстанда суукка чыдамдуу пияз кластерин түзүүнү пландоодо

Кыргызстанда суукка чыдамдуу пияз өстүрүү боюнча кластер түзүү каралууда. Долбоор суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев Кореянын SEEDON Co Ltd компаниясынын президенти Сон Хён Юль менен жолугушууда талкууланды.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова дагы катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда суукка чыдамдуу пияз өстүрүү боюнча кластер түзүү жана механизациялоо долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды.
Сон Хён Юлдун айтымында, аталган пияздын сорту Кыргызстандын климаттык шартына ылайыктуу болуп, -30 градуска чейинки температурада тоңбойт.
Корей тараптын маалыматына ылайык, SEEDON Co Ltd компаниясы долбоорду ишке ашыруу үчүн каржылоону 2025-2029-жылдар аралыгында КР министрлер кабинети менен Корея өкмөтүнүн ортосундагы Рамкалык келишимдин негизинде EDCF фондунун каражаттары аркылуу жүргүзүүнү пландап жатат.