Мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн ЭТНОСТЕМ мультистудия комплектисинин таанытымы өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жыйындар залында Мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн ЭТНОСТЕМ (ЭтноSTEAM) багытындагы мультистудия комплектисинин таанытымы өттү. Таанытымга Бишкек шаарынын мэри А. Жунушалиев, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Р. Мусаева ошондой эле райондук билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери жана бала бакчалардын директорлору катышты.   Долбоордун негиздөөчүсү Солдатбек Рысбек уулу ЭТНОСТЕМ (ЭтноSTEAM)  багытындагы мультистудия комплектиси менен тааныштырды.

Мультистудия комплектисин тарбиячылардын жардамы менен колдонуу аркылуу балдар мультфильм, жомок жана анимацияларды жарата алышат. Ошондой эле комплект балдардын  чыгармачылык жана  интеллектуалдык жактан өнүгүүсүнө, өз алдынча ой жүгүртүп, кыргыз тилинде сүйлөөсүнө чоӊ өбөлгө түзөт.

Заманбап комплектинин артыкчылыктары мугалим үчүн дагы универсалдуу курал, анткени ал санариптик көндүмдөр менен кыргыз тилин үйрөтүүгө, чыгармачылыкка тарбиялайт. Ошол эле учурда окууну, оюнду жана иновацияны камтыйт.

Связанный пост