Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына жумуш сапары менен барды

 Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарына жумуш сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди.

Белгилей кетсек, жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышат жана саммиттин алкагында “Глобалдык таасирдин өсүшү” форумунун ачылышында сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары, саммиттин жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулардын болоору пландалууда.

Связанный пост