Нуржан Шайлдабекова БШКнын төрагайымы кызматынан кетти

 Нуржан Шайлдабекова БШКнын төрагайымы кызматынан кетти

Бүгүн Кыргыз Республикасынын  Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Н.Шайлдабекова өз арызы боюнча төраганын кызмат ордунан бошотуу тууралуу арызын берди, аны Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү канааттандырды.

Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы төрагасы болуп шайланды.

Н.Шайлдабекова шайлоо комиссиясындагы кесиптештерине, ошондой эле мамлекеттик органдардагы, жарандык сектордогу, эл аралык уюмдардагы, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдѳгү ѳнѳктѳштѳрүнѳ жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирди. Ал   биргелешкен күч-аракеттердин аркасында шайлоо системасын өнүктүрүүдөгү эң маанилүү кадамдарды ишке ашырууга мүмкүн болгон, бирок процесс андан ары өркүндөтүүнү талап кыларын белгиледи. Н.Шайлдабекова кесиптештерине мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Тынчтык Шайназаров өз кезегинде көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирди. Ал БШКнын ишинин артыкчылыктары шайлоо системасын өркүндөтүү, анын ачык-айкындуулугун жана көз карандысыздыгын жогорулатуу, ошондой эле жарандардын шайлоого болгон ишенимин бекемдөө экендигин белгиледи.

Эске сала кетсек, Н.Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясын 2016-жылдан бери жетектеп келген.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасында демократияны жана мыйзамдуулукту чыңдоого күч-аракеттерди багыттоо менен шайлоолорду жана референдумдарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча ѳз ишин улантат.

Связанный пост