Каракол шаарындагы мугалимдерге алгачкы ноутбуктар берилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы М. Горький атындагы STEM-билим берүү ыкмасындагы мектеп-гимназиянын мугалимдерине “Алтын Казык” маркасындагы алгачкы ноутбуктарды тапшыруу аземине катышты.

Окуу жылдын үчүнчү чейрегинде Кыргызстандын мектептери, тагыраагы математика, физика, химия, биология жана компьютердик технологиялар боюнча так илимдердин мугалимдери 27 миң ноутбук алат. Ушундай эле тапшыруу иштери жайкы каникул башталганга чейин болоору күтүлүүдө, белгиленген мөөнөтүнөн мурда аткарылуусу да мүмкүн.

Бул демилге өлкөнүн тарыхындагы мектеп реформасына багытталган эң чоң инвестиция болду. Долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылып жатат жана билим берүү системасын өнүктүрүү аркылуу өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган негизги мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болуп саналат.

Бул тууралуу Каракол шаардык мектептеринин мугалимдерине ноутбуктардын биринчи партиясын тапшырып жатып МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Жаңы ноутбуктар мамлекеттин менчигинде калуу менен мугалимдердин жеке карамагына өткөрүлөт. Бул чечим мугалимдер үчүн кесиптик өсүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мугалимдер күнү-түнү квалификациясын жогорулатып, заманбап окуу процессинин талаптарына жооп берген жаңы технологияларды жана билимдерди өздөштүрө алышат. Бул мугалимдерге дайым алдыда болууга жана тез өзгөрүп жаткан дүйнөнүн чакырыктарына натыйжалуу жооп берүүгө мүмкүндүк берет.

Берилген ноутбуктар –  окуу китептери, окуу колдонмолору, презентациялар жана интерактивдүү 3D моделдерин камтыган заманбап санариптик ресурстар менен жабдылган. Жакынкы келечекте мугалимдерге онлайн-ресурстарга жетүү, тажрыйба жана сабактарды даярдоо үчүн материалдар менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жаңы билим берүү платформасы иштей баштайт.

“Биздин негизги максатыбыз – ар бир окуучунун чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө салым кошо турган билим берүү мазмунун жаңылоо. Биз балдардын жөндөмдүүлүктөрүн ар тараптуу өнүктүрүү жана аларды атаандаштыкка жөндөмдүү келечекке даярдоо үчүн шарттарды түзүүгө умтулабыз”, – деди Эдил Байсалов.

Бул кадам мамлекеттин билим берүү тармагындагы артыкчылыктуулугун жана окуучулар менен мугалимдерди ийгиликтүү окутуу үчүн алдыңкы инструменттер менен камсыз кылуу милдеттенмесин белгилейт.

Связанный пост