Кыргызстан менен Япониянын консулдук жааттагы кызматташтыгы талкууланды

 Кыргызстан менен Япониянын консулдук жааттагы кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Кинугава Сатоси менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жана Япониянын дипломаттык жана кызматтык/расмий паспортторунун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууларды практикалык ишке ашыруу жаатындагы маселелер талкууланды.

Эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын тараптардын аймагында болуусу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Японияда Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу боюнча меморандумдун макулдашуусунун аяктоо иш-чарасынын оң жагы чагылдырылып, визаларды тариздөөдө жаңы жол-жобону колдонуу менен аны ишке ашыруунун схемалары өзгөчө белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча тыгыз байланышты улантууну макулдашты.

Связанный пост