Данияр Амангелдиев ЕЭК кеңешинин жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин (мындан ары – ЕЭК Кеңеши) үстүбүздөгү жылга карата өткөрүлгөн биринчи отурумуна катышты, отурум видеоконференция байланышы аркылуу өттү.
Жыйындын күн тартибине 36 маселе киргизилип, соңунда бир катар чечимдер кабыл алынды.
Анда, кинофильмдерди жана видеофильмдерди тартуу жана жайылтуу, ошондой эле видеофильмдерди демонстрациялоо менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө административдик кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды, бул Макулдашууга кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу үчүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жөнөтүлдү.
Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн интеллектуалдык транспорттук системаларынын өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү Концепциясы бекитилди. Концепцияны ишке ашырууда бирдиктүү маалыматтык мейкиндик түзүлөт, анда аба ырайы, мүмкүн болуучу жол тыгындары жана жол кырсыктары жөнүндө стандартташтырылган маалыматтарды алууга болот.
2022-жылдын 19-апрелиндеги Евразия экономикалык биримдигинде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды пайдалануу жөнүндө макулдашууну практикалык ишке ашырууну баштоо үчүн зарыл болгон чараларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маселе каралды.
Медициналык багыттагы дары-дармек каражаттарын каттоо жана экспертизадан өткөрүү эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул чечим бизнес чөйрөсүнө оң таасирин тийгизет. Анткени аны кабыл алуу дары-дармек каражатынын жаңы дарылык формасын кошууда сатууга уруксат берүүгө бирдиктүү мамилени белгилейт, ошондой эле дары-дармек каражатын маркировкалоо, таңгактоо жана баалоо эрежелеринин жоболоруна укуктук ишенимди камсыз кылат.
Ошондой эле биологиялык дары-дармек каражаттарына изилдөө жүргүзүүнүн эрежелерине толуктоолор киргизилди. Алар генетикалык жактан модификацияланган соматикалык клеткалардын негизинде жогорку технологиялык дары-дармектердин сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун иштеп чыгууну, даярдоону, тастыктоону жана сыноону жөнгө салат.
Кооптуу продукциялар жөнүндө маалыматтарды чогултуунун, жалпылоонун, берүүнүн жана аны ЕАЭБ маалымат системасына жайгаштыруунун тартиби бекитилди. Анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын Комиссияга зыян келтирген кооптуу продукциялар жөнүндө маалымат берүү жана аны жаңыртуу боюнча милдеттери белгиленет. Комиссия өз кезегинде бул маалыматтарды Биримдиктин интеграцияланган маалымат тутумунун жалпы маалымат ресурстарына жайгаштырууга милдеттүү.
Мындан тышкары, ЕЭК Кеңеши 2025-жылга карата айрым айыл чарба продукцияларына (буудай, арпа, жүгөрү, күн карама уруктары, күн карама майы, кант) суроо-талаптын жана сунуштун индикативдик баланстарын бекитти.
Кеңештин мүчөлөрү мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын бажылык жөнгө салуу жаатындагы тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматты угушту, ошондой эле евразиялык транспорт коридорлоруна (маршруттарына) кирген темир жол, автомобиль жана порт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин иш-аракеттеринин аткарылышынын натыйжаларына талдоо жүргүздү.
Кеңештин мүчөлөрү ошондой эле 2025-жылдын 30-31-январында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибин бекитишти.