Минкаб башчысы жаңы мэрди Ош мэриясынын жамаатына тааныштырды

Ош шаардык мэриясынын коллегиясынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жаңы мэр Жеңишбек Токторбаевди мэриянын жамаатына тааныштырды.

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев шаарды өнүктүрүү жана анын социалдык-экономикалык туруктуулугун чыңдоо процессинде жетекчиликтин негизги ролун белгиледи.

 

Ал белгилегендей, жаңы мэрдин алдында шаардын инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүү, жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча чоң милдеттер турат.

Связанный пост