Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйыны өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйыны болуп өттү.

Кезектеги отурумга Кеңештин мүчөлөрү, Президенттик Администрациянын кызматкерлери, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты, ошондой эле республикалык, облустук, райондук деңгээлдеги шаарлардын мэрлери бул жыйынга видеоконференция байланышы аркылуу кошулду.

Жыйында күн тартибине кирген биринчи маселе Ош облусунун Өзгөн жана Кара-Суу райондорундагы калк жыш отурукташкан айылдарын ичүүчү суу менен камсыздоо системасын жакшыртууга пландалган долбоор болду. Бул долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан ишке ашырылат, каржылоону Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду жүргүзөт.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусунда “Тамга – Каракол” 220 кВ жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысын, ошондой эле 220/110/24 кВ “Тамга” көмөкчордондорун жана 220/110/10 кВ “Каракол” көмөкчордондорун курууга пландалган долбоор каралды. Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржылана турган бул долбоор, Энергетика министрлиги тарабынан ишке ашырылат.

Мындан тышкары, отурумда Финансы министрлиги тарабынан ишке ашыруу пландалган Кыргызстанда микро-, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансылык рынокторду өнүктүрүү долбоору талкууланды. Бул долбоор Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан каржыланат.

Жогорудагы үч долбоор, Кеңештин мүчөлөрү тарабынан колдоого алынып жактырылды. Бул багытта МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине пландалган долбоорлордун үстүнөн дагы дыкат иштеп чыгып, Жогорку Кеңештен кыска убакыттын ичинде ратификациядан өткөрүүнү тапшырды.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин күн тартибинде мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорунун бюджети боюнча иштердин аткарылышы каралып, анын соңунда белгиленген жыйынтыкты көрсөтө албаган айрым мамлекеттик органдардын жетекчилерине баа берилди.

Связанный пост