“Кыргыз темир жолу” 36 жаңы вагон сатып алууну пландоодо
“Кыргыз темир жолу “мамлекеттик ишканасы 36 жаңы вагон сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу ишкананын директорунун орун басары Дастан Усубакунов Транспорт жана коммуникация министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, учурда темир жол каттамдарындагы вагондорду жаңылоо боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.
“Биздин вагондор эскиргендиктен аларды алмаштыруу керек. Албетте, оңдоого боло тургандарын оңдоп жатабыз, бирок бүгүнкү күндө жаңы вагондорду сатып алуу зарылчылыгы бар. Азыр жаңы вагондорду сатып алуу боюнча Кыргыз-Өзбек фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алдыда 36 вагон сатып алууну пландап жатабыз. Анын бир бөлүгү эл аралык, бир бөлүгү ички каттамдарды тейлөөгө багытталат”, – деди ал.