Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын элчиси менен кызматташтыктын келечегин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономика, банк, инвестиция, өнөр жай жана тоо-кен тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы өнөктөштүгүнүн жигердүү өнүгүп жаткандыгына канааттангандыгын билдирип, өлкөдө бетон плитасын чыгаруучу “CONCRETE CANVAS” заводун куруу боюнча биргелешкен пландарды белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын жана маанилүү кен байлыктарды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуунун алкагында “Boston Consulting Group” консалтинг компаниясы менен үзүрлүү өз ара аракеттенүүнү белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Николас Боулер Улуу Британиянын Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин, элчиликтин пландалган долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ырастап, Улуу Британиянын Кыргызстан менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө умтулуусун белгиледи.

Связанный пост