Ошто 47 жаранга мыйзамсыз жөлөк пул берүү фактысы аныкталды
Ошто муктаж эмес жарандарга жөлөкпул чегерилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кара-Суу районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган башкармалыктын кызмат адамдары 2023-жылдын июнь айынан баштап 2024-жылдын май айына чейинки мезгил ичинде иш жүзүндө муктаж эмес 47 жаранга жөлөкпулдарды мыйзамсыз чегеришкендиги аныкталган. Натыйжада, жогорудагы мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпы 1 млн 323 миң 400 сомдук зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Кызматтык жасалмачылык” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө органы тарабынан тергелүүдө.