Бишкекте бала бакчанын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

 Бишкекте бала бакчанын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

Бишкектеги мурдагы мамлекеттик бала бакчанын эки кабаттуу имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаары, К.Тыныстанов көчөсү, 193а дарегиндеги “Ак-Кеме” бала бакчасынын жанында жайгашкан аянты 314 чарчы метр мамлекеттик бала бакчанын эки кабаттуу имараты мамлекеттик менчиктен (приватташтыруунун) мыйзамсыз чыгарылган фактылар аныкталган.

Тактап айтканда, 1995-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын мурдагы кызмат адамы ошол кездеги нормаларды жана жоболорду бузуу менен мурда Бишкек шаарындагы мамлекеттик бала бакчанын ашканасы жана кир жуучу жайы болгон бул социалдык багыттагы мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргени аныкталган. Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган объекттин ээси бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, өз ыктыяры менен кафе катары пайдаланган эки кабаттуу имаратты жанаша жаткан жер тилкеси менен мамлекеттин пайдасына өткөрүп берүүнү билдирген.

Азыркы учурда аталган эки кабаттуу имарат мындан ары максаттуу пайдалануу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Связанный пост