Президент Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды
Мамлекет башчысы аны дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен түзүлгөн баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалай турганын белгиледи.
Президент КР жана КЭРдин ортосундагы байланыштар саясат, экономика жана соодадан тартып илим, маданият жана билим берүүгө чейинки чөйрөлөрдү камтый турганын баса белгиледи.
Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына мамлекеттин өнүгүшүндө негизги ролду ойногон инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
“Сентябрда биз Кытай тарап менен биргеликте “Бедел” үчүнчү өткөрмө пунктун ачтык, бул Кытай менен транспорттук өз ара байланышты бекемдөө жолундагы кезектеги кадам болду. Өткөн жылдын 27-декабрында Жалал–Абадда “Кытай-Кыргызстан — Өзбекстан” темир жолунун курулушунун башталышы тарыхый окуялардын бири болду”, – деди Мамлекет башчысы.
Ал Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмү туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканына канааттануусун билдирди.
Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Лю Цзянпин бул кызматка дайындалышын анын жашоосундагы тарыхый учур деп атап, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдө жемиштүү ишке даяр экендигин билдирди. Ал Кыргызстандын маданиятын жана коомдук турмушун жакшы билерин, бул анын өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелерди натыйжалуу өнүктүрүүгө умтулуусуна өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Лю Цзянпин “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушун ал активдүү колдоого ниеттенген негизги долбоорлордун бири деп атады.
“Бул магистралды ийгиликтүү ишке ашыруу Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда гана эмес, бүтүндөй Евразия континентинин масштабында транспорттук инфраструктураны жана экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө маанилүү этап болуп калат”, – деди Элчи.
Ал транспорттук өз ара байланыш маселесине өзгөчө көңүл буруп, жакында “Бедел” өткөрмө пунктунун ачылышын атап өттү. Ал белгилегендей, Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен чек арасында иштеп жаткан сегиз өткөрүү пунктунун үчөө кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан, бул эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин чагылдырат.
Элчи ошондой эле 2024-жылы “Джунда” заводун ишке киргизүү сыяктуу инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу жылыштарды баса белгиледи.
Бул контекстте Лю Цзянпин өз ара инвестиция чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ал Кытай ишкерлеринин Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүгө болгон жогорку кызыгуусун белгиледи, бул нерсе өлкөдөгү ачык жана жагымдуу инвестициялык климаттын аркасында мүмкүн болду.
Аягында Элчи эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары бекемдөө стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга жана эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.6714:10