Кыргызстанда 2024-жылы миң чакырымдан ашуун жол оңдолду

 Кыргызстанда 2024-жылы миң чакырымдан ашуун жол оңдолду

2024-жылы Кыргызстанда 1 миң чакырымдан ашуун жол оңдолду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында маалымдалды.

Белгиленгендей, анын 802 чакырымына асфальт төшөлгөн.

Мындан тышкары, өткөн жылы 17 көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Нарын – Баетов, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Ош – Баткен – Раззаков жолдору жана башка приоритеттүү объектилер курулууда. Барскоон – Үч-Турпан – Аксу эл аралык коридорунун курулушу башталып, 58 чакырым убактылуу жолдун курулушу аяктады.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, президенттин тапшырмасы менен Кыргызстандын эң алыскы Зардалы айылына баруучу жолдун курулушу башталган.

Связанный пост