Ипотекалык үйүн ижарага бергендер такталса, батири автоматтык түрдө алынат

 Ипотекалык үйүн ижарага бергендер такталса, батири автоматтык түрдө алынат

Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү алгандар батирлерин ижарага берүүгө укугу жок. Эгер ушундай маалыматтар тактала турган болсо, автоматтык түрдө батири мамлекетке кайтарылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарга карата чара көрүлүп, үй кезекте турган кийинки жаранга берилет.

“Биз 2024-жылы тапшырган 1059 батирдин бирөөсүн дагы ижарага берүүгө эч кимдин акысы жок. Мамлекеттик ипотекалык компания 25 жылдан кийин батирдин ээси каражаттарды толук төлөп кутулгандан кийин документтерди, техпаспортту өткөрүп берет. Андан кийин үй ээси батирин ижарага береби, же бирөөгө берип салабы, ал кожоюндун өз эрки. Ошондуктан мен айтып коеюн, маалымат чыгарардан мурда маалыматты такташ керек”, – деди ал.

Связанный пост