Дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди
Мыйзам 2024-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты жарандардын жана диний бирикмелердин ишиндеги укуктарын ишке ашыруу жана жоопкерчиликтерди белгилөө менен диний чөйрөдөгү мыйзам актыларын “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат.
Атап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекске төмөндөгүдөй мыйзамсыз аракеттерге жоопкерчиликтерди белгилеген өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
– эмгекке жана кызматтык ишке байланыштуу, ошондой эле медициналык көрсөтмөлөр боюнча жүзүн жапкан кийимдерди кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жарандын өздүгүн идентификациялоого мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийгендиги үчүн;
– абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укукту жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылгандыгы же болбосо аны жүзөгө ашырууга мажбурлап, психологиялык күч колдонуу жана өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулук же болбосо мындай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалган аракеттер, ошону менен катар башка динге ишенгендерди, диний бейтарап адамдарды жана атеисттерди өз динине киргизүүгө багытталган аракеттер үчүн;
– карылар жана майыптар үйлөрүндө, түзөтүү мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда, ошондой эле дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугусуз Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө диний жөрөлгөлөрдү, чогулуштарды жана башка диний иш-чараларды дин ишмерлерин, чет өлкөлүк диний уюмдардын насаатчыларын чакыруу менен өткөргөндүгү үчүн;
– диний уюмдардын же алардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишине кийлигишүүсү үчүн;
– диний адабияттарды, башка диний басылмаларды, аудио жана видео материалдарды коомдук жайларда, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында, ошондой эле турак жайларга баруу аркылуу тараткандыгы үчүн.
Мыйзамда “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып, анда диний негизде саясий партияларды түзүүгө, саясий партиялардын үгүт иштеринде светтик принципти сактоо менен шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө диний мазмундагы маалыматтарды колдонууга жол бербөө талап кылынып, алардын ишин чет өлкөлүк партиялар, чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары, ошондой эле диний иштин субъекттери тарабынан каржылоосуна тыюу салынат.
Андан сырткары, Мыйзам менен “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына светтик принципти сактоонун негизинде мамлекеттик кызмат менен диний ишти айкалыштырууга, ошондой эле шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө диний мазмундагы маалыматтарды колдонууга жана жайылтууга жол бербөө жана боюнча тиешелүү ченемдер киргизилген.49318:53