Адылбек Касымалиев Чүй облусундагы бир катар өндүрүштүк жана социалдык объектилерге барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусуна жумуш сапары менен барды.

Алгач Токмок шаардык паркын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты, ошондой эле шаарда курулуп жаткан бала бакчага барды.

Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев Адылбек Касымалиевге объекттердин учурдагы абалы жана шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берип, ал бөлүнгөн 1 млрд сомго инфраструктуралык жана социалдык объектилерди куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылганын белгиледи.

Тактап айтканда, бала бакчаны 2025-жылдын экинчи кварталынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Ошондой эле мэр бул каражатка алынган атайын техникаларды көрсөттү.

Андан ары минкаб төрагасы “Асыл Таш плюс” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан керамогранит плиталарын чыгаруучу заводдо болду.

Заводдун жетекчилиги Адылбек Касымалиевге курулуштун жүрүшү жана италиялык технологияларды колдонуу менен ишке ашырылып жаткан жана сапатты көзөмөлдөөчү заманбап лабораторияны камтыган өндүрүштү ишке киргизүү пландары тууралуу кеңири отчет берди. Заводду ишке киргизүү даярдыктарынын акыркы этабында турат.

Минкаб төрагасы ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү министрлер кабинетинин ишинин приоритеттүү багыты экенин белгилеп, заводду ишке киргизүүгө мамлекет тарабынан зарыл колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, минкаб төрагасынын жумуш сапарынын негизги максаты Чүй облусунун социалдык-экономикалык абалы менен таанышуу жана мамлекеттик программалардын жана долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөө болду.

Связанный пост