Догдуркүл Кендирбаева “Алтын Казык” ноутбуктарынын сапатын текшерди

Бүгүн, 20-январда, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер үчүн бериле турган “Алтын Казык” ноутбуктарынын сапатын текшерип, аларга жүктөлгөн программаларды көрүп чыкты.

Министрликтен билдиришкендей, “Алтын Казык” ноутбуктарына “Санарип кампа” санариптик билим берүү платформасы жүктөлгөн. Анда STEM предметтери боюнча кошумча окуу материалдары камтылган.

Белгиленгендей, платформа мугалимдерге жана окуучуларга сапаттуу, жеткиликтүү, интерактивдүү жана заманбап билим берүү материалдарын кыргыз жана орус тилдеринде берүү максатында иштелип чыккан.

Платформада видеосабактар, презентациялар, интерактивдүү симуляторлор, инфографика, 3D-моделдер, тесттик көнүгүүлөр бар. Ошондой эле жаңыдан иштелип чыккан «Э-күндөлүк» – окууну башкаруу системасы «Санарип кампанын» бир тутуму катары иштейт.

Связанный пост