Эмгек министрлиги активисттерди жана блогерлерди жалган маалымат таратпоого чакырат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык тармактарда жалган маалымат тараган фактылар тууралуу билдирет.
Ведомстводон маалымдашкандай, мындай учурларда министрлик тарабынан зарыл болгон текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча түшүндүрмөлөр берилет.
“Жакында үй-жайсыз калган делген сегиз балалуу аял тууралуу маалымат тарады. Бирок, текшерүүнүн жыйынтыгында үй-бүлө аз камсыз болгондордун каттоосунда турганы, ал эми балдарга 9 миң 600 сом өлчөмүндө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу каралганы аныкталган. Мындан сырткары, үй-бүлөгө кайрымдуулук фонду тарабынан курулган муниципалдык имараттан турак жай бөлүнүп берилген”, – деп айтылат маалыматта.
Министрлик активисттерди, блогерлерди жана коомдук уюмдарды түшүндүрүү үчүн расмий булактарга кайрылууга чакырат.
Белгиленгендей, тактоо жана кошумча маалымат алуу үчүн жарандар министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылса болот.