Кыргызстанда 5 бассейндик башкармалык түзүлөт
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Суу ресурстары кызматына караштуу 5 бассейндик башкармалык түзүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу ресурстарын пайдаланууну башкарууда бассейндик ыкманы киргизүү максатында министрлер кабинети төмөнкүлөрдү түзүү боюнча токтом кылат:
- “Талас суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси;
- “Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси;
- “Ысык-Көл-Тарим суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси;
- “Нарын-Сыр-Дарыя суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси;
- “Кара-Дарыя-Сыр-Дарыя-Аму-Дарыя” суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси.
Бассейндик башкармалыктарды түзүү боюнча министрлик иш алып барат, ал эми токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлөт.