Баткен облусунда муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр санариптештирилүүдө

 Баткен облусунда муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр санариптештирилүүдө

Баткен облусунда муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр санариптештирилүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн өлкөнү санариптештирүү программасынын алкагында президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппараты менен БУУнун өнүктүрүү программасынын кызматташуусунун натыйжасында облустагы муниципалдык ишканаларга техникалар тапшырылды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Тимур Мадияров БУУнун техникалык колдоосу санариптештирүүнү илгерилетүүгө жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жардам берерин билдирди.

Бүгүнкү күндө аймакта санарип системалар ишке киргизилип, алгачкы оң натыйжаларын көрсөтө баштады. Буга мисал катары Раззаков шаарынын “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын “билинг” системасын ишке ашыруудагы тажрыйба жана натыйжалар көрсөтүлдү.

Учурда долбоорго облустун 2 шаар, 5 айыл аймагына киргизилген. Аларда таштанды чыгаруу, ичүүчү суу, сугат суу жана башка кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алууда электрондук ыкмаларды колдонуу колго алынууда.

Связанный пост