Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

 Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

“Сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган биргелешкен аракеттердин аркасында келе жаткан 2025-жылы Армения Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын элдеринин бакубаттуулугу үчүн Ереван менен Бишкектин ортосундагы мамилелерди жемиштүү өнүктүрүүгө болот деп ишенем.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге жана Сиздин жакындарыңызга Жаңы жылда чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост