Иш кагаздарын мамлекеттик тилде чабал жүргүзгөн 5 мекеме аныкталды
Мекемелердин иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүүсүнө жасалган талдоонун жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Алфира Супатаева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, сентябрь айына карата 5 министрликте иш кагаздардын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн көрсөткүчү 50%дан төмөн жыйынтыкты көрсөттү. Калган мекемелерде көрсөткүч 50%дан ашат.
2024-жылдын сентябрь айына карата иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн көрсөткүчү 50%дан жогору мекемелер:
– Президенттин администрациясы – 62%
– Финансы министрлиги – 60%;
– Санариптик өнүктүрүү министрлиги – 62%;
– Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги – 73%;
– Билим берүү жана илим министрлиги – 61%;
– Тышкы иштер министрлиги – 67%;
– Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги – 69%;
– Транспорт жана коммуникациялар министрлиги – 67%;
– Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги – 59%;
– Өзгөчө кырдаалдар министрлиги – 59%;
– Экономика жана коммерция министрлиги – 54%.
50% көрсөткүчтү камсыздай албаган мекемелер:
– Коргоо министрлиги – 41%
– Саламаттык сактоо министрлиги – 45%;
– Юстиция министрлиги – 36%;
– Жаратылыш ресустары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги – 45%;
– Энергетика министрлиги – 42%.
Булак “Кабар” агенттиги