Быйыл чет өлкөдө Кыргызстандын дарбызына суроо талап өсүп, экспорттун көлөмү 360%га жогорулады
Быйыл чет өлкөдө Кыргызстандын дарбызына суроо талап өсүп, экспорттун көлөмү 360%га жогорулады. Бул тууралуу КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Дарбыз Кыргызстанда айыл чарбасынын экономикасында маанилүү роль ойногон бахча өсүмдүктөрүнүн бири болуп саналат. Ал негизинен Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында көп айдалат. Акыркы жылдары чет өлкөдө Кыргызстандын дарбызына суроо талап күн санап өсүүдө.
Алсак, республикада 2024-жылы жалпы 252 720 тонна дарбыз жыйналган.
Кыргыз дарбызы чет өлкөдө чоң суроо талап жаратып жатакандыктан Россия, Казакстанга жана башка КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот. Ага ылайык, 2024-жылы Кыргызстан Казакстан жана Россия өлкөлөрүнө 1 376,6 тонна дарбыз экспорттоду. 2023-жылы экспорттун көлөмү 295 тоннаны түзгөн. Ал эми 2024-жылы экспорттун көлөмү 360%га өстү.